Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк акча которууларды текшерүүнү күчөтөт

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 233 | 0

Улуттук банк акча которууларды текшерүүнү күчөтөт. Бул боюнча токтомдун долбоору иштелип чыкканын банктан кабарлашты.

Маалыматка караганда, документте бир нече сунуш бар. Анын ичинде кардар 70 миң сом же андан ашык акча которууну көздөсө, анда текшерүүнүн алкагында ал атайын анкета толтуруусу керек болот.

Ошондой эле эгер жөнөтүүчү же алуучунун репутациясы начар болсо, банктар акча каражаттарын которуудан же алуудан баш тартышы мүмкүн.

Ошону менен бирге террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү максатында накталай эмес формадагы акча которууну банк тарабынан чыгарылган идентификацияланган электрондук капчыкка которуу сунушталууда.

Улуттук банк бул долбоор террордук иштерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы  күрөшүүгө жардам берерин белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM