Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлөдө кеминде бир эмгек мигранты бар

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 272 | 0

Кыргызстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлөдө кеминде бир эмгек мигранты бар.

Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бишкекте өтүп жаткан форумда билдирди.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө 181 миллиондон ашык эмгек мигранттары бар. Алар мигранттардын жалпы агымынын 60%дан ашыгын түзөт.

«Кыргызстанда миграция 3 миллион адамдын – алардын балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн тагдырына таасирин тийгизүүдө. Өлкөдөгү ар бир төртүнчү үй-бүлөдө бирден кем эмес эмгек мигранты бар. Мигранттардын негизги курагы 18 жаштан 45 жашка чейин», — деди министр.

Форумда айтылгандай, акыркы жылдары тышкы миграцияда аялдардын көбөйгөнү байкалган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2014-жылдан бери тышкы да, ички да миграцияда аялдар эркектерден алда канча көп. 2018-жылы алардын саны дээрлик эки эсе өскөн.

7-июнда Бишкекте миграция маселелерине арналган форум өтүүдө. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонния Ожиело, Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM