Биз менен байланышыңыз

Беш айда балдардын оюнунан 28 өрт чыккан

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 172 | 0

Беш айда республика боюнча 823 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 39,2%га азайган. Анын кесепетинен материалдык чыгымдар 227 млн сомду түздү. Өрттөн 16 адам каза болуп, 11 адам жабыркаган.

Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

электр жабдууларын пайдалануудагы эреже бузуу (384 өрт кырсыгы);

отко абайсыз мамиле кылуу (132 өрт);

меш коюу эрежелерин бузуу (126 өрт);

балдардын оюну (28 өрт).

Ошондой эле куткаруу кызматы  72 баш малды, 18 унаа-техниканы, жалпысынан 273 миллион сомдук материалдык мүлктү сактап калышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM