Биз менен байланышыңыз

Күндүн табы 35 градуска чейин көтөрүлөт

Кыска кабар | 6 Июн 2022 | 364 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +30…+32 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM