Биз менен байланышыңыз

«Президент ыйгарым укуктарынан аша чаап, прокуратурага кысым көрсөтүүдө»

Кыска кабар | 6 Июн 2022 | 774 | 0

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева учурда иштеп жаткан «супер президенттик» Башмыйзамды негиздөөчүлөрдүн катарында башкы прокурор Курманкул Зулушев да болгонун, учурда өзү салган капканга өзү түшүп калган сыяктуу жагдай жаралганын белгиледи.

Анын айтымында, мыйзам боюнча президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз Башкы прокурорду убактылуу болсо да кызматтан алалбайт, анткени прокуратура өз алдынча мамлекеттик институт болуп саналат.

«Дал ушул Курманкул Зулушев бийликти президенттин колуна топтоо концепциясын түртүп, андан кийин көзөмөл органына Конституциянын өзүндө кеңири ыйгарым укуктарын бекитип, тергөөнү кайтарып берген. Бирок министрлер кабинетинин мүчөсүнө иш жүзүндө кылмыш ишин козгоор замат президент аны кызматынан алды. Убактылуу болсо да кызматынан алды, бул туура эмес. Президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз же кийлигишүүсү жок башкы прокурордун ишине байланыштуу комиссия түзө албайт. Кызматынан убактылуу болсо да четтете албайт. Башмыйзамдын 70-беренесинде Президенттин башкы прокурорго карата ыйгарым укуктарынын чеги аныкталган. Алардан тышкаркы аракеттерди жасоого президенттин укугу жок. Президент Прокуратуранын ишти иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтпөстөн, альтернативдүү иликтөө боюнча комиссия чакырды. Ошентип саламаттыкты сактоо министрине карата объективдүү ишти иликтөөгө тоскоолдук кылууда. Депутаттык же өкмөттүк комиссия тергөө учурунда иш жүргүзүүгө укугу жок. Тергөө жабык жүргүзүлөт. Президентик институттун жогоруда айтылган бардык аракети алардын ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин жана прокуратура өкүлдөрү болгон көз карандысыз институтка кысым көрсөтүп жатканын айгинелейт».

Эргешбаева  кошумчалагандай, жаңы Башмыйзамга ылайык, бүгүнкү күндө президенттен кийинки эң күчтүү институт — Башкы прокуратура. Бирок башкы прокурор мыйзамдык укуктарын колдонуп, өзүн коргоп кала алган жок, тескерисинче, президенттин позициясын колдоп туруп алды. Бул прокуратуранын алсыздыгын көрсөтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM