Биз менен байланышыңыз

Ноокенде 100 жалгыз бой эне турак жайлуу болду

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 826 | 0

Бүгүн, 5-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Аримжан айылындагы 100 батирлүү 25 социалдык турак үй пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, долбоорго демөөрчүлүк кылган «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана шаарчанын тургундары катышты.

Курулган шаарчада аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Облус башчы турак жай ээлерин куттуктап, мында тургундар үй менен гана камсыз болбостон, 100 орундуу тигүү ишканасы, нан бышыруучу цех, ФАП, мечит жана дүкөн, кичи футбол аянтчасы да курулганын белгиледи.

Демилге «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM