Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Кечээ жөнөтүлгөн чөп бүгүн жетти

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 936 | 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Шыйрак айылына 4-июнда жиберилген 1200 түк чөп бүгүн, 5-июнда саат 14.30да  жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жеткирүү ишине алты оор жүк ташуучу унаа тартылган.

Ошондой эле тоо арасында жашаган элден кабар алууга ӨКМ кызматкерлери, врачтар жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү кошо кетишкен.

29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта кар көчкү жана жер көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жолдор жабылып калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM