Биз менен байланышыңыз

Ноокат: Белгисиз бирөө эки жаранды атып кетти

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 2733 | 0

Бүгүн, 5-июнда Ош облусуна караштуу Ноокат шаарынын 2 тургунун белгисиз жарандар атып кетишкен. Бул тууралуу Ош шаарыдык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00до Ноокат шаарынын С.Алимбаев көчөсүндө эки жарандын бутуна белгисиз жарандар ок атып кетишкен.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда «Тайота Авенсис» жана «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан абалда турган.

Алдын ала текшерүүгө ылайык, Ноокат шаарынын 30 жаштагы тургуну Н.И. аттуу жаран бүгүн саат 08:40 чамасында үйүнөн чыгып, колунда баштыгы менен Ноокат районунун борбордук базарына бара жаткан. Анын артынан «Нексия» үлгүсүндөгү унаа кууп келип, көчөнүн кесилишинде бурулуп жаткан П. Х. аттуу жарандын башкаруусундагы «Тайота-Авенсис» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Ошол учурда Нексиядан белгисиз жаран түшүп, Н. И.нин сол бутуна ок атуучу курал менен аткан. Тойотанын айдоочусу унаадан түшкөндө аны дагы сол бутуна атып, белгисиз үч жаран, Н.И.нин колундагы баштыкты көтөрүп качып, изин жашырышкан.

Жарат алган П. Х. менен Н. И. Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында алардын абалдары орто.

Белгисиз жарандар карактап кеткен Н. И.ге таандык баштыкта 60 млн өзбек суму (450 миң сом) болгон.

Учурда окуя болгон жерде Ноокат милициясынын ыкчам-тергөө тобу, эксперт криминалисттер иштеп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш чараларды жүргүзүшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM