Биз менен байланышыңыз

Жапаров айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 1026 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Акылбек Жапаров өз куттуктоосунда айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын кызматкерлерин Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктап, аларга бакубатчылык жана ийгилик каалады.

«Жаратылыш – морт жана кайталангыс дүйнө, аны биз сактап, келечек муундарга өткөрүп беришибиз керек. Биз үчүн коомдо айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу, экологияга багытталган экономиканы түзүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жаратылыш коруктарын жана парктардын тармагын кеңейтүү, жаратылышты коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү абдан маанилүү» , — деп айтылат куттуктоосунда.

Ошондой эле Жапаров айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлери жаратылышты сактоо үчүн көп иштерди жасап, токойлорду калыбына келтирүү, абанын, көлмөлөрдүн, топурактын тазалыгына кам көрүү аракеттерин тынымсыз көрүп жаткандыгын белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM