Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда коопсуздук боюнча координациялык кеңешме өттү

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 1018 | 0

Жалал-Абад облусундагы коомдук коопсуздук, чек ара маселелери, тоо кен тармагында орун алган бир катар көйгөйлөрдү талкуулаган координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, район-шаарлардын жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Координациялык кеңешмеде чек ара коопсуздугу, чыр чатактарды болтурбоо, Ала-Бука районунундагы «Фул Голд Майнинг» тоо кен компаниясында эмгектенген жергиликтүү жумушчуларга зарыл шарттарды түзүү боюнча маселе көтөрүлдү.

Облус башчысы компания жетекчилигине буга чейинки элдин нааразычылыгынан улам түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын койгон талаптарын 1-июлга чейин аткарууну эскертти. Компанияны бардык иш-аракеттерди мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырды.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү район-шаарлардын жана айыл өкмөт башчыларына, тийиштүү кызматтардын жетекчилерине, кеңешмеде айтылган ар бир маселенин чечүүнүн үстүндө жумуш аткарууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM