Биз менен байланышыңыз

Казакстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өтүүдө

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 505 | 0

Казакстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бүгүн 5-июнда референдум өтүүдө. Бул тууралуу Акордонун маалымат кызматы билдирди.

Мамлекетте 10 012 шайлоо участогу уюштурулган. Президент Касым-Жомарт Токаевдин добуш бергени айтылды. Референдумга КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) 57 байкоочусу көз салат. Референдум өтүшү үчүн ага шайлоочулардын тизмесине кирген жарандардын жарымынан көбү добуш берүүгө тийиш.

6-майда Токаевдин референдум боюнча жарлыгы менен кошо Конституцияга өгөртүү киргизе турган мыйзам долбоорлор да жарыяланган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев буга чейин да өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүүгө референдум өтө турганын жарыялап, референдум ар бир жарандын өлкөнүн өнүгүү багытын тандоосуна мүмкүнчүлүк түзөт жана өлкөнү демократиялаштыруу багытын дагы да бекемдейт деп билдирген.

Белгилей кетсек, Токаев буга чейин Казакстан парламенттик-президенттик башкарууга өтө турганын, супер-президенттик башкаруу натыйжасыз экенин айткан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM