Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев Бишкектин түштүк айланма жолунун долбоору менен таанышты

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 481 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев болжол менен 6 км узундуктагы туннелди орнотуу менен «Бишкек – Белогорка – Суусамыр» (Бишкек шаарынын түштүк айланма жолу) автожолунун курулушун пландаган долбоор менен таанышты.

Долбоор ишке ашса, чукул бурулуштуу жолдордун тармакталышын жана калктуу конуштарды айланып өтүүчү жолдорду эске алуу менен жолдун узундугу 120 чакырымды түзөт. Бул жол Бишкек-Жалал-Абад жолунун узундугун 150 чакырымга кыскартууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, заманбап транспорттук инфраструктура ишкердикти жана жаңы туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзөт.

Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында потенциалдуу инвесторлор арасында тиешелүү сынак өткөрүү менен ишке ашыруу пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM