Биз менен байланышыңыз

Ош: Жапалакта төрт көчөнү асфальттоо иштери башталды

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 358 | 0

Жапалак айыл аймагынын Ормон Абылов көчөсүндөгү жолду асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иштер Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругунун негизинде шаардык кеңештин депутаты Канат Папишовдун демилгеси менен жүрүүдө.

Төрт күндүн ичинде 600 метр жол асфальтталат. Ошондой эле Шамшы Өмүралиев көчөсүндөгү 1200 метр жолго, Камил Эргешов көчөсүнүн 850 метр аралыгына, Базыбай Эргешов көчөсүндөгү 500 жолго асфальт төшөө пландалууда.

Жол куруу иштери «Ош шаардык жолдор башкармалыгы» тарабынан жүргүзүлүүдө. Жумушка 15 атайын техника жана 25 жумушчу тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM