Биз менен байланышыңыз

Нарын: Мектеп бүтүрүүчүлөрү аз камсыз болгон 9 үй-бүлөгө үй белек кылышты

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 2421 | 1

Нарын шаарында мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак үйлөр белек кылынды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарында орто мектептерди 2012-жылы бүтүргөндөр аз камсыз болгон тогуз үй-бүлөгө турак үйлөрдүн ачкычын тапшырышты.

Нарын шаарындагы «Ала Тоо» стадионунда өткөрүлгөн үйдүн ачкычтарын тапшыруу иш-чарасына облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев катышып, айкөлдүк менен сооп иш жасап жаткан жаштардын ынтымагына Нарын облусунун элинин жана өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирди. Демилгелүү муундардын өкүлдөрүнө жакшы тилегин жолдоп, ыраазычылык каттарын тапшырды.

1 пикир

1 пикир

  1. Нарынский

    05.06.2022 17:56

    Саламатсыздарбы Марал жамааты! Кабарды ондоп койосуздарбы. Баардык 9 уйду 2012-ж. бутургондор 1994жылкы жигиттер алып берди. Томондогу жылдардын тиешеси жок

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM