Биз менен байланышыңыз

Курманкул Зулушев кызматтан четтетилгени боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 5 Июн 2022 | 562 | 0

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан четтетилгени боюнча комментарий берип, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.

Анда ал президент Садыр Жапаровдун кабыл алган буйругу талкууга жатпай тургандыгын жазган.

«Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени, өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш. Калыстык бул ар бир адамдын абийир соту. Мен дагы эч качан калыстыктын таразасын, акыйкаттын ташы жок тарткан эмесмин. Кандай иш болбосун тактап, мыйзам чегинде баа берип келемин. Жөнөкөй жаранбы, мамлекеттик кызматкерби, мыйзам баарына бирдей! Менин милдетим — мыйзамдардын так жана даана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Башкы прокурор Курманкул Зулушев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин тергөөгө байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилген болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM