Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Ак-Шыйрак өрөөнүнө кеткен жол жабылып калды

Кыска кабар | 31 мая 2022 | 285 | 0

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолу жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

29-30-майда жааган кар калыңдап, Сөөк ашуусу аркылуу Ак-Шыйракка кеткен жол бөгөлүп калган. Ошол эле учурда күн жылыгандан кийин көчкү жүрүп кетүү коркунучу бар болгондуктан, өрөөнгө каттоо убактылуу токтотулду.

Учурда жеринде №3 ишканасы жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM