Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Карызы бар 7 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Кыска кабар | 30 мая 2022 | 204 | 0

Эртең, 31-майда «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясы үчүн карызын төлөбөгөн 7 миң абоненттин жарыгын өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

«Түндүк электр» ишканасы абоненттер ыңгайсыздыктарга кабылбашы үчүн электр энергиянын акчасын өз убагында төлөөгө чакырат.

Белгилей кетсек,  төлөмдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICВ, MSТС (Касса-24), Megacom, «О!» терминалдары, «О!» MegaPay, UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк Кыргызстан», «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк» жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот. Төлөмдөр учур чак менен кабыл алынат.

«Акылдуу» эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөбөгөнү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат серверине билдирме түшкөн соң гана электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM