Биз менен байланышыңыз

Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 347 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 28-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында,  Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын кутүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Аба температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн 4…+9, күндүз +12…+17.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +17…+19 градус болот.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM