Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Садыр Жапаровдун төрагалыгында ЖЕЭК жыйыны өтөт

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 349 | 0

Бүгүн, 27-майда Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

Саммиттин күн тартибинде кеңейтилген жана чакан чөйрөлөрдө 15 маселени талкуулоо пландалган, анын ичинде ЕАЭБдин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин жыйынтыгы, ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын ишке ашуусу жана башка маселелер каралат.

Жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель жыйынга байкоочулук кылышат.

Эске салсак, быйыл Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.

Жыйын УТРК жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде саат 16:00дө көрсөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM