Биз менен байланышыңыз

Абрамовичтин «Челси» футболдук клубу расмий түрдө сатылды

Кыска кабар , Спорт | 27 мая 2022 | 688 | 0

Орусиялык миллиардер Роман Абрамовичтин «Челси» футболдук клубу расмий түрдө сатылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, клубду америкалык консорциум 5 миллиард 300 миллион долларга сатып алган. LA Dodgers бейсбол командасынын ээлеринин бири жана Eldridge Industries негиздөчүсү Тодд Боули консорциумдун «Челсидеги» негизги өкүлү болмокчу, бирок эң чоң үлүш АКШнын Clearlake Capital жеке инвестициялык компаниясына тийиштүү болот.

25-майда клубдун акцияларын сатуу шарттарын Улуу Британиянын өкмөтү бекиткен. Бирок Роман Абрамович Португалиянын жараны болгондуктан, сатууга бул өлкөнүн бийлигинин уруксаты керек болчу. Ал 26-майда кабыл алынган.

Эске сала кетсек, «Челси» клубун орусиялык ишкер Роман Абрамович 2003-жылдан бери ээлик кылып келген.

Абрамовичтин «Челсини» сатуу аракети Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй маалым болгон. Март айынын башында британ өкмөтү миллиардерге карата санкцияларды киргизген. Учурда Абрамович клубду сатуусу үчүн Улуу Британия ага убактылуу лицензия берди.

Роман Абрамович футбол клубун сатуудан түшкөн таза кирешесинин (2,5 млрд фунт стерлинг) баарын кайрымдуулук иштерине, тагыраагы орус-украин согушунун курмандыктарына жумшай турганын жарыялады. Учурда ал кайрымдуулук фондун түзүү боюнча тапшырма берип, иштер башталганын да кошумчалаган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM