Биз менен байланышыңыз

Ош: Унаада жүктөлүп бараткан контейнер кулап, 3 жаран каза болду

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 2656 | 0

Кечээ, 26-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун «Ош – Сары-Таш –Карамык» унаа жолунун 66-чакырымында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жүктөп бара жаткан контейнер карама-каршы жолдо келе жаткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп, 3 жаран каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен эки 4 жаштагы А.Б. аттуу наристе тез жардам кызматынын унаасында, 6 жаштагы А.А. аттуу өспүрүм, 36 жаштагы Ж.У. эркек киши жеринде каза болгон. Ошондой эле 29 жаштагы эркек киши жабыркаган.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 4 куткаруучусу тартылып, жабыркаган адамдарды жана каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM