Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров билим берүү министрлигинде кезексиз кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 494 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинде кезексиз кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Анда төрага министрликтин аткарган иштери жана алдыдагы пландары менен таанышып, билим берүүдөгү өзгөрүүлөр заман талабына ылайык жүрүшү керек деп белгиледи.

«Өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, баарыбыз биргелешип иш жасай турган мезгилдебиз», — деди Жапаров.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билим менен илим – экономиканы алдыга жылдыруунун негизги локомотиви экенин айтып, министрлик тарабынан калктын билимдүүлүк деңгээлин жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетин жумшаларын билдирди.

Өз кезегинде Акылбек Жапаров аткаруу бийлиги тарабынан билим берүү тармагын колдоого алуу күчөтүлөрүн убадалады.

Copyright © 2017 Maral FM