Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы ачылды

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 361 | 0

Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы ачылды. Ачылышына президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда барышты.

Ректор Жансейит Түймебаев мамлекет башчыларына имаратты кыдыртып экскурсия кылып, билим берүү мекемеси тууралуу айтып берди. Филиалды ачуу чечими Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын март айында Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган. Бир жылдын ичинде филиал лицензия алды.

Студенттер бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө талап кылынган IT-технологиялары, тоо кен иштери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм жана башка адистиктер боюнча билим алышат.

Ага Казакстандагы башкы университеттин өзүнөн профессордук-окутуучулар курамынын 30%ы тартылса, 70% окутуучулар Кыргызстандан болот деп мерчемделүүдө.

Келечекте жамааттык пайдалануу үчүн илимий лаборатория жана технопарк түзүү пландалууда. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин бул филиалынан Кыргызстан менен Казакстандын, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары окуй алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM