Биз менен байланышыңыз

Бишкекте казак элинин акыны Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 439 | 0

Бишкек шаарында казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкели тургузулду.

Анын ачылышына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышты.

Жапаров анда сөз сүйлөп, бул күнгө өзгөчө толкундануу, ата-бабалардан бери келаткан бир туугандык жылуу сезим менен даярдык көрүлгөнүн айтты.

Бул айкелдин Кыргызстанда тургузулушу Казакстанда эле эмес, Кыргызстанда да Абай Кунанбай уулунун улуу жолуна, чыгармачылыгына, сөз касиетине өзгөчө урмат менен мамиле жасаларын айгинелей турганын белгиледи.

«Эзелтеден бери жайласа жайлоосу, кыштаса кыштоосу бир болгон эки элдин — Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бир туугандык, достук байланыштар ажырагыс экенин карт тарых далилдеп турат, демек, мындан башкача болушу да мүмкүн эмес. Себеби мунун артында дүйнөдө жок, эки элге гана тийиштүү болгон дүйнө тааным, бай маданият, эч ким бөлө алгыс руханий алака-катыш жана чырмалышкан адам тагдырлары менен тарыхы бир элдер турат» , — деди Жапаров.

2020-жылы Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгына карата Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Абай атындагы маданий борбор ачылган.

Казакстандын президенти жакын арада тилектештиктин белгиси катары Казакстанда Манастын эстелиги орнотуларын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM