Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров орусиялык кинорежиссер Никита Михалковду кабыл алды

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 313 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келген орусиялык кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Никита Михалков ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасына Евразиянын «Бриллиант көпөлөк» киносыйлыгын уюштуруу идеясы тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул идеяны колдоого даярдыгын айтып, Кыргызстан келерки жылы киносыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM