Биз менен байланышыңыз

27-28-29-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 268 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

27-майда күндүз жана 28-29-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 28-майда кээ бир райондордо, 29-майда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM