Биз менен байланышыңыз

Спринтерден өрт чыгып, жанындагы төрт унаа күйүп кетти

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 167 | 0

Бишкек шаарындагы М.Горький көчөсүндө жайгашкан айып унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаалардын биринде өрт чыгып, 4 автоунаа күйдү.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы кабарлады.

Алдын ала маалыматта Mercedes-Benz Sprinter унаасынын салонунан өрт тутанып, кыска убакыттын ичинде күч алып, катарлаш турган Kia Rio, Ford Focus жана Honda Accord үлгүсүндөгү унаалар күйгөн.

Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматы тартылып, тез арада өрт өчүрүлдү.

Бул окуя Бишкектин Октябрь РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Башкармалык күндүн аптабында унаа каражаттарынын ичинде жеңил күйүүчү, ысыкта жарылуучу (зажигалка, батарея, бөтөлкөдөгү суулар) заттарды калтырбоону эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM