Биз менен байланышыңыз

Бишкекте эски борбордук мечит бузулат

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 492 | 0

Бишкекте эски борбордук мечиттин ордуна жаңысы курулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты.

Мечит Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Муфтияттан билдиришкендей, бул жерде 1944-жылы курулган мечит бар, андан башкасы бузулуп, ал жерге жаңы  заманбап мечит курулат.

“Азыркы мечит 1995-жылы курулган. Азыр намаз учурунда элдер дээрлик көчөгө чейин чыгып калышат, ошондой эле жол тыгындары да бар. Жаңы мечитте унаа токтотуучу жай да болот, мечиттин болжолдуу сыйымдуулугу 10 миң адамды түзөт, ал өлкөдөгү эң чоң мечиттердин бири болот”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле учурда демөөрчүлөр менен  сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM