Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдөгү карьерде жарака кеткени айтылды. Комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 534 | 0

«Кумтөр» кенинин «Борбордук» карьериндеги чыгыш жана түндүк-тыгыш капталдарынын кыймылынын ылдамдыгы тездегенине байланыштуу комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2022-жылдын 18-майындагы №348 буйругунда айтылат.

Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө “Кумтөр” кенинин “Борбордук” участогунун чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабында кыймылдын ылдамдыгынын себептерин аныкташы керек.

Ошондой эле, комиссия мүчөлөрү «Кумтөр Голд Компаниге» биринчи кезектеги чаралар тууралуу сунуштарды берет.

Буга чейин маалымат каражаттарында соңку күндөрдөгү жааган жаан-чачындан улам «Кумтөрдөгү» негизги карьерлердин биринин чет жакасында жарака пайда болгону айтылган.

Комиссиянын курамына киргизилүүсү үчүн «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталды:

— «Кумтөр» кенинин «Борбордук» участогунун Чыгыш жана Түндүк-Чыгыш капталдарына таасир этүүчү аймакта кен казуу иштерин жүргүзүүнүн коопсуздугу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

— ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарынын негизинде илимий-изилдөө иштерин (изилдөөлөрдү) жүргүзүү жана «Кумтөр» кенинин «Борбордук» участогунун Чыгыш жана Түндүк-Чыгыш капталдарынын кыймылынын себептерин жоюу боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгуу.

Комиссия мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укугу бар.

Курамында:

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Айша Карпаева, аталган министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары,

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Сакыев Даурбек Джоомартович   —        Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору;

Муратов Жыргалбек Керималиевич        —        Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тоо-кен тармагын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги;

Загинаев Виталий Викторович       —        Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин талдоо жана божомолдоо башкармалыгынын начальниги;

Усубалиев Рыскул Абдыжакыпович        —        Борбордук-Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун № 2 «Климат, суу жана жаратылыш ресурстары» бөлүмүнүн жетекчиси;

Кожоназаров Азамат Жанаалиевич —        Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тоо-кен тармагын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук инспектору;

Эрматов Марат Абдимиталипович —        Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр-жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Кенжетаев Мадаминбек Эсенбекович      —        «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын башкы маркшейдери (макулдашуу боюнча);

Чолпонкулов Алмаз Таалайбекович        —        «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын жетектөөчү геологу (макулдашуу боюнча);

Бейшеев Акылбек Куттубаевич      —        «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк-техникалык башкармалыгынын жетектөөчү тоо-кен адиси (макулдашуу боюнча);

Абдыбаитов Шарабидин Ашыралиевич  —        Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетинин тоо-кен факультетинин деканы (макулдашуу боюнча);

Чернова Екатерина Петровна —        «Кен-Тоо» долбоордук изилдөө борборунун башкы тоо-кен инженери (макулдашуу боюнча);

Кадыралиева Гульзат Асанбековна —        Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана кенди өздөштүрүү институтунун улук илимий кызматкери (макулдашуу боюнча).

Copyright © 2017 Maral FM