Биз менен байланышыңыз

Июнда футбол оюндары шоу-программа менен коштолот

Кыска кабар , Спорт | 26 мая 2022 | 492 | 0

Июнда футбол боюнча мелдештин алдында күйөрмандарга шоу-программа тартууланат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Бишкекте футбол боюнча Азия кубогунун тандоо оюндары 8, 11 жана 14-июнда өтөт. Анда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Сингапур, Мьянма жана Тажикстандын командалары менен беттешет.

«Мелдештин алдында күйөрмандарга майрам уюштурулуп, комплекстин аймагында футболдун форматында оюн талаасы жайгаштырылат. Ал жакта дартс, топ киргизүү үчүн үйлөтүлгөн дарбаза, сумо кармашы болот. Эстрада жылдыздары өнөрлөрүн тартуулайт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өзгөчө сүрөткө түшө турган аймак (фотозона), аквагримёрлордун кызматтары жана тамактануучу атайын жайлар жасалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM