Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз көмүр» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 26 мая 2022 | 537 | 0

Элдияр Калдарбеков «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы жетекчини энергетика министринин орун басары Ч.Касымов ишкананын жамаатына тааныштырды.

«Кыргыз көмүр» ишканасын буга чейин Мирлан Жакыпов жетекген, ал башка ишке которулганы айтылды.

Элдияр Калдарбеков 1989-жылы туулган. Буга чейин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде директордун орун басары болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM