Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов белгилүү мушкер Кямрян Аббасов менен жолукту

Кыска кабар , Спорт | 26 мая 2022 | 811 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов белгилүү кыргызстандык мушкер, One Championship уюмунун учурдагы чемпиону Кямрян Аббасовду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков, Өмүрбек Бакиров, спортчунун машыктыруучу Якуб Алиев жана «Кулатуу Эртаймаш ММА» Улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев катышты.

Талант Мамытов дүйнөлүк ири мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип келе жаткан Кямрян Аббасов көпчүлүккө үлгү экенин белгиледи. Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Кямрян Аббасов дүйнөдөгү беделдүү делген One Championship уюмунун чемпиондук наамына жетип, өлкө тарыхында алгачкы ирет аталган уюмдун курун тагынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM