Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Кыргызстандыктар Алыш күрөшү боюнча 5 алтын медалга ээ болушту

Кыска кабар , Спорт | 23 мая 2022 | 353 | 0

Ош шаарында өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын спортчулары 11 медаль утушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Турнир 21-майда Ош шаарынын Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда эркектер жана кыз-келиндер арасында алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталып, биринчилерден болуп классикалык стилдин өкүлдөрү килемге чыгышты. Жалпысынан эркектер жана кыз-келиндер арасында 12 комплект медаль ойнотулду.

Кыргызстандык спортчулар 5 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, чемпионатка катышуу үчүн Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Япония сыяктуу 11 мамлекеттен 300гө жакын спортчу келген.

Спортчулар 20дан ашык салмак категориясында күч сынашты.

Бул чемпионат Ош шаарында биринчи жолу өтүп жатат. Иш-чара 21-майдан 23-майга чейин өтүп, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Түркиянын Изник ​​шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM