Биз менен байланышыңыз

22-майга карата аба ырайы

Кыска кабар | 21 мая 2022 | 569 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 22-майда түнкүсүн кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +13…+18,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +18…+23,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +17…+19 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM