Биз менен байланышыңыз

19-майга карата аба ырайы

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 237 | 0

Эртең, 19-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 14…16°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM