Биз менен байланышыңыз

Июнь айынан тарта таштанды челектер жер астына орнотула баштайт

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 392 | 0

Бишкек шаарындагы таштанды челектер июнь айынан тарта жер астына орнотула баштайт. Бул тууралуу Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Султан Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, алгачкы этапта 50 таштанды челек жер астына түшүрүлөт. Ошол эле учурда челектерге таштандылар мурункудай аралаш эмес, дароо иргелип салынат. Тагыраагы, таштандынын түрлөрүнө ылайык бир эле жерге бир нече челек коюлат.

Айта кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашев 2020-жылы «Марал» радиосуна берген маегинде таштанды челектерди жер астына орнотуу долбоору иштелип чыкканын, аны сыноодон өткөрүү пландалып жатканын айткан болчу.

Ошол эле учурда демилгени ишке ашыруу үчүн 2-2,5 миң доллар сарпталарын, ошол эле учурда учурдагы таштанды ташыган унаалар ал талапка жооп бербесин билдирген.

«Бишкекке таштанды сорттогон урналарды орнотууга эрте»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM