Connect with us

Орусия хоккей боюнча Дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажырады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 472 | 0

Эл аралык хоккей федерациясынын кеңеши (IIHF) Цюрихте өткөн жыйынында Дүйнө чемпионатын башка күнү өткөрүү чечимин кабыл алды. Турнир 2023-жылдын май айында Санкт-Петербургда өтүшү керек болчу.

IIHF сайтына: «Турнирдин убактысын жылдыруу чечими биринчи кезекте оюнчулардын, күйөрмандардын, жетекчиликтин, журналисттердин коопсуздугу, кызыкчылыгы үчүн кабыл алынды», — деп жазды.

Буга чейин Кеңеш Омск жана Новосибирск шаарларында өтөрү белгиленип калган уландар арасында Дүйнө биринчилигин дароо токтотуп, Орусияны жана Беларусту быйылкы оюндардан четтеткен.

2023-жылдагы чемпионаттын кайсыл жерде өтөрү келерки айда Финляндияда өтө турган турнирде аныкталат.

Белгилей кетсек, Орусия Украинага басып киргенден бери орусиялык спортчулар дүйнөлүк жарыштарга катыштырылбай келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM