Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Журналист Болот Темировду тергөө аяктап, иш прокуратурага өттү

Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 492 | 0

Бүгүн, 26-апрелде Ички иштер министрлиги Болот Темировго козголгон ишти тергөөнүн жыйынтыктары боюнча журналисттерге маалымат беришти.

ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Альтаир Исмаилов Болот Темировго козголгон төрт кылмыш бир өндүрүшкө бириктирилип каралганын, учурда тергөө аяктап, иш прокуратурага өткөнүн айтып берди.

Исмаилов берген маалыматка таянып айтсак, Болот Темиров 1996-жылы 16 жашында Орусиянын паспортун алган. Андан соң 2008-жылы кайсы бир адамдын аскердик билетин пайдаланып, Кыргызстандын паспортун алган.

Айта кете турган жагдай, аскер комиссариаты аскердик билетти мыйзамдуу жол менен берген. А бирок Болот Темиров ал документти мыйзамсыз жол менен пайдаланган.

Бул боюнча Президент Садыр Жапаров да 25-апрелде «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айткан болчу.

«Ал бирөөнүн аскердик билетин уурдап алып, өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ошол аскердик билеттин негизинде Өзгөндөн кыргыз паспортун алган экен. Өзү Орусиянын жараны болгон. Ал аскердик билеттин ээси да табылды. Болот Темиров кыргыз армиясында эч качан кызмат кылбаганын Коргоо министрлиги да тастыктады. Мындай жасалма документ жасап алып жоопко тартылып жаткан адамдар жүздөп саналат. Болот Темиров алардын бирөөсү гана. Ишенбесеңер, журналисттерден турган комиссия түзүп барып, ИИМден кагаздарын көргүлө. ИИМ көрсөтөт. Жашыруун эмес. Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде «журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың» деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? Баары менен бирдей жооп берет», — деген өлкө башчы.

Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын сотко чейинки өндүрүш иши боюнча начальнигинин орун басары Чынарбек Майлибеков журналистке жасалма документ берген үч адамга карата иликтөө башталганын маалымдады.

Ал иликтөөнүн жүрүшүндө ишке катышы бар адамдар дагы көбөйүшү мүмкүн экенин белгилеп, документ бергендер мамлекеттик кызматкерлер болгондуктан алардын иши башка категорияда, башка өндүрүштө караларын билдирди.

Жыйында маалым болгондой, Болот Темировго карата төрт кылмыш иши козголгон: документ жасоо, жасалма документ колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, баңгизат даярдоо.

Ал эми Болот Темиров мындай дооматтарды четке кагып, Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын катчылыгында иштегенин, документтери тыкыр текшерилгенин айтып, муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөп келет.

Эске салсак, 20-январда Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялаган. 22-январда күч органдары Болот Темиров иштеген кеңсени тинтүүгө алышып, андан кийин өзүн кармап кетишкен. Ага чейин журналисттер иштеген жерге кирип келген беткапчан кызматкерлердин Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизат салып коюшканы айтылган. Экспертиза учурунда журналисттин канынан баңгизат табылган эмес. 23-январда ИИМдин имаратынын алдында Темировду бошотуу талабы менен тынчтык митинги өткөн. Ага журналисттер, блогерлер, укук коргоочулар, жарандык активисттер катышкан. Ошол эле күнү ал өлкөдөн эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган.

Copyright © 2017 Maral FM