Биз менен байланышыңыз

Быйылкы Азия чемпионаты Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болду

Кыска кабар , Спорт | 26 Апр 2022 | 388 | 0

Кыргызстан күрөш боюнча Азия чемпионатынын медалдык эсебинде 4-орунду ээледи. Чемпионат 19-24-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында өттү.

Күрөштүн үч түрүнөн жалпы 30 комплект — 111 медаль ойнотулду. Кыргызстандан барган 21 спортчунун 14ү медаль алып кайтышты. Өлкө капчыгы 4 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль менен толукталды.

Азия чемпионатында 8 өлкөнүн спортчулары медалдарга ээ болушту.

Айта кетсек, бул — Кыргызстандын спорт тарыхында эң чоң ийгилик катары бааланууда. Себеби буга чейин мынчалык көп медаль алып кайткан учурлар болгон эмес.

Андан мурда ири жетишкендик катары 2007-жылы 8-13-майда Бишкекте өткөн Азия чемпионаты эсептелип келген. Анда Кыргызстандын балбандары 4 алтын, 4 коло медаль алышкан.

Мамлекет Алтын Күмүш Коло Жалпы Медалдын санына карай орду
1 Япония 10 2 9 21 1
2 Иран 10 2 3 15 4
3 Казакстан 5 8 8 21 2
4 Кыргызстан 4 3 7 14 5
5 Индия 1 5 11 17 3
6 Монголия 6 6 12 6
7 Өзбекстан 2 6 8 7
8 Түштүк Корея 2 1 3 8

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM