Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага суракка чакырылды

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 855 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага сурак берет. Маалыматты башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тастыктады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу чакырылган.

Учурда Камчыбек Ташиевдин суракка кире элеги айтылды.

Эске салсак, 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам анын курмандыгы болгон. Ал учурда Ташиев 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынын лидери болуп турган.

Copyright © 2017 Maral FM