Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Үч айда 2 тоннадан ашуун баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 262 | 0

Үч ай аралыгында 2 тонна 193 кг 460 гр баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Анын ичинде:

  • апийим — 4 кг 324 грамм;
  •  героин — 5 кг 619 грамм;
  • каннабистин чайыры (гашиш) — 30 кг 366 грамм;
  • марихуана — 47 кг 304 грамм;
  • кара куурай — 3 кг 749 грамм;
  • каннабистин саманы — 458 грамм;
  • психотроптук заттар жана башкалар — 8 кг 034 грамм;
  • прекурсорлор — 2 тонна 94 кг 53 грамм.

Конфискацияланган баңги каражаттарынын чекене баасы 93 млн 944 миң 282 сомду түзөт.

Бирдиктүү реестрге баңгизаттарга байланыштуу 385 кылмыш катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM