Үч ай аралыгында 2 тонна 193 кг 460 гр баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганын Ички иштер министрлиги кабарлады.
Анын ичинде:
- апийим — 4 кг 324 грамм;
- героин — 5 кг 619 грамм;
- каннабистин чайыры (гашиш) — 30 кг 366 грамм;
- марихуана — 47 кг 304 грамм;
- кара куурай — 3 кг 749 грамм;
- каннабистин саманы — 458 грамм;
- психотроптук заттар жана башкалар — 8 кг 034 грамм;
- прекурсорлор — 2 тонна 94 кг 53 грамм.
Конфискацияланган баңги каражаттарынын чекене баасы 93 млн 944 миң 282 сомду түзөт.
Бирдиктүү реестрге баңгизаттарга байланыштуу 385 кылмыш катталган.