Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Уюлдук телефонду каттоого 700 сом алынбайт

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 458 | 0

Уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынбайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Нурлан Алаев билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору азырынча кабыл алына элек, коомдук талкууда турат. Элдин, жарандардын сунуш-пикирлери кабыл алынат.

Эскерте кетсек, буга чейин «уюлдук телефонду каттоо үчүн 700 сом алынат экен» деген маалымат тараган.

Copyright © 2017 Maral FM