Биз менен байланышыңыз

535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгууcуна тыюу салынды

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 471 | 0

Мамлекеттик салык кызматы быйылкы жылдын 1-апрелинен тарта салык карызы бар 535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгуусуна чектөө койду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Ошондой эле карызы бар салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган чечим чыгарып берүүнү өтүнгөн кайрылуу, ага байланышкан 1 миң 128 материал Сот департаментине жөнөтүлдү.

Айта кетсек, салыктык карызы 100 миң сомдон ашкан жарандар эскертүү берилгенден тарта 15 күндүн ичинде карызынан кутулбаса, Мамлекеттик салык кызматы сотко арыз менен кайрылууга укуктуу. Бул боюнча Мамлекеттик салык кызматы менен Сот департаментинин ортосунда келишим бар.

Ага ылайык, сот аткаруучулар карызды өндүрүп берүү үчүн карызкордун мүлкүн камакка алуу, чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салуу, башка иш-аракеттерине бөгөт коюу сыяктуу чараларды колдоно алат.

Мамлекетке карызы 100 миң сомдон ашкан адамдардын тизмеси Салык кызматынын сайтына ай сайын жаңыртылып, жарыяланып турат.

Copyright © 2017 Maral FM