Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Махмудов жарым финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 19 Апр 2022 | 606 | 0

Бүгүн, 19-апрелде күрөш боюнча Азия биринчилиги башталды. Анда кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюму түз алып көрсөтүүдө.

Махмудов 77 кг салмакта беттештин чейрек финалынан баштап катышып, Ирандан келген балбан Ареф Мозафарды 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Акжол эми жарым финалда кореялык Ким Хён У менен кез келет.

Айта кетсек, башка оюндардан айырмаланып, бул жолу тандоо турунан тарта финалдык беттештерге чейин бир күндө өтөт.

Күрөш боюнча Азия биринчилиги Монголиянын Улан-Батор шаарында болуп жатат.

Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан катышууда

Азия чемпионаты 24-апрелде жыйынтыкталат.

Азия чемпионаты: Акжол Махмудов менен Тынар Шаршенбеков финалга чыкты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM