Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Акжол Махмудов менен Тынар Шаршенбеков финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 19 Апр 2022 | 545 | 0

Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн балбандар Акжол Махмудов менен Тынар Шаршенбеков финалга өтүштү. Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюму түз алып көрсөтүүдө.

Махмудов 77 кг салмактан мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, ирандык балбан Ареф Мозафарды 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Жарым финалда кореялык Ким Хён У менен кез келип, 4:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.

Ал эми Тынар Шаршенбеков биринчи беттешинде индиялык Нераж Неражды 10-4 эсебинде утуп, жарым финалда өзбек балбан Исламжан Бахрамовду 13:7 эсебинде жеңип, финалдык баскычка өттү.

Эки балбан тең эми алтын медаль үчүн күрөшөт. Финалдык беттештер бүгүн, 19-апрелде саат 16:00дө башталат.

Айта кетсек, бүгүнкү беш салмак категорияда Кыргызстандан 5 балбан килемге чыкты.

Айта кетсек, башка оюндардан айырмаланып, бул жолу тандоо турунан тарта финалдык беттештерге чейин бир күндө өтөт.

Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан катышууда.

Азия чемпионаты 24-апрелде жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM