Биз менен байланышыңыз

«Манас» аба майданында 13 млн сомдук катталбаган учактар аныкталды

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 1081 | 0

«Манас» бажысынын кызматкерлери тарабынан 13 миллион сомго аба кемелеринин декларацияланбаганы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын жай айларында «Исламабад — Бишкек» каттамы боюнча «А.М.Э» ЖЧКсынын дарегине AVRO-146 жана RJ-85 эки аба кемеси келгени аныкталган. Алардын баасы 12 миллион 971 миң 063,27 сом болгон.

Ошондой эле товарлар келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM