Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Жаңы ак үйдүн курулушу өлкөнүн кадыр-баркын көтөрөт

Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 203 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна курула баштаган жаңы административдик имараттын курулушу боюнча билдирүү таратты.

Анын фейсбуктагы баракчасына 16-апрелде жазылган билдирүүдө борбор калаада жаңы административдик имараттын курулушу өлкөнүн жаңы тарыхындагы бурулуш учурлардын бири экени айтылат. Ал Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан чыңдалышынын символу болууга тийиш.

«Биз 16 гектар жерди Президенттин администрациясынын имаратын курууга алмаштырып жатабыз. Буга чейин Бишкекте жерлер жеке колдорго арзыбаган акчага кетип келген. Мамлекет аз пайда алып, ал турсун кээде башаламан курулуштардын аянты көбөйчү.

Эми акыры бюджеттик каражатты коротпой эле жаңы заманбап имаратка ээ болобуз, ал жерде кандай гана чет элдик делегациялар болбосун кабыл алуу уят болбойт, ал эми борбордогу 16 гектар жерге заманбап инфраструктура курулат. Бул ошондой эле Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе. Чет мамлекеттерге барганда алардын административдик комплекстерине, архитектурасына дайыма суктануу менен карайбыз. Кудай буюрса, эми өлкөбүздүн коноктору да бизге ушундай суктануу менен карашсын«, — деп жазган Султанбаев.

Бишкекте «Ысык-Көл» мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин акчасы сарпталбай турганын президент Садыр Жапаров айткан.

«Болгону президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик«, — деп айткан президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM