Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы Бишкек мэриясынын карамагына өттү

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 643 | 0

Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы Бишкек мэриясынын карамагына өткөнүн муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) каржылоосу менен салынып бүткөрүлгөн. Бирок башкаруу боюнча келишим ратификацияланбай, аны ачуу токтотулуп турган. 2020-жылы пандемияга байланыштуу убактылуу ачылган.

2021-жылдын 10-февралында Түркия башкаруу келишимин ратификациялап, андан соң оорукана толук иштей баштаган. Келишимге ылайык, оорукананы Кыргызстан менен Түркия 3 жыл чогуу башкармак. Бирок 2022-жылдын февраль айында Түркия бийлиги башкарууну Кыргызстанга толук өткөрүп берип, жетекчилигине Осмонали Масалиев дайындалган.

72 адамга эсептелген ооруканада зарыл болгон бардык заманбап шарт түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM