Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футзалчылары дүйнөлүк рейтингде 45-орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 15 Апр 2022 | 284 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 45-орунга көтөрүлдү. Бул маалымат Futsal World Ranking сайтына жарыяланды.

Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан курамасы 1049 упай топтогон. Айта кетсек, Кыргызстан Азия футзал рейтингинде 10-орунда турат.

Бул рейтингдин алдыңкы ондугуна Бразилия, Испания, Португалия, Аргентина, Орусия, Иран, Казакстан, Парагвай, Италия, Хорватия кирген.

Эске салсак, 10-12-апрель күндөрү Бишкекте футзал боюнча Азия Кубогуна Борбордук жана Түштүк курама зонасынан тандап алуу оюндары өткөн. Жыйынтыгында Кыргызстан өз тайпасында 3-орун алып, 5-сентябрдан 20-октябрга чейин Кувейтте өтө турган Азия Кубогуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM